БАЛДАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛДАК - 1) мүлүшкөрлөр кыраан кушту ууга алып чыкканда кондуруп жүрүүчү мүйүздөн же жыгачтан жасалган таяныч ача таякча. Б-тын төмөнкү учу көзөлүп, көк м-н ээрдин кашына же ацчынын белиндеги жазы курга тикесинен бекитилет; 2) кылыч, канжар куралдарынын бир тарабы бириктирилген же эки жагы тең ачык кош толтолуу сабы; 3) буту майып адам­дар колтугуна такап, басууга ылайыкталган, орто ченинде кармагычы бар, төмөн жагы би­риккен, жогору жагы эки ача болуп барып, бир карышча туура жыгачка ашталган таяк; 4) ой­мо, чийме, саймада колдонулчу бир же эки башы ачакейленген сызыкчалар түшүрүлгөн көчөттөр. Шырдак оюуда, чий чырмоодо, аяккап, табак­кап оймолорунда көчөттөрдү байланыштыруу­чу жерлерде көбүрөөк колдонулат.