БАЛДАРДЫН КҮНДӨЛҮК РЕЖИМИ
БАЛДАРДЫН КҮНДӨЛҮК РЕЖИМИ - балдардын бир суткадагы оюнун, иш-аракетин, эсалуусун туура уюштуруу. Күндөлүк режим алардын анат.-физиол. жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу м-н түзүлөт. Режим б-ча балдар уйкусу канганча (10-12 саат) уктоосу керек. 3-6 жаштагы балдардын эртең мененки тамактануудан кийинки убактысы сүрөт тартуу ж. б. м-н өтөт. Мектеп окуучулары сабактарын окуудан, үй тапшырмаларын аткаруудан кийин мектептеги түрдүү ийримдерге катышат. Б. к. р-нде сабактан кийин 2-3 саат демалуу, таза абада болуу, уктоо убактысы да көрсөтүлөт. Мектеп окуучуларынын режиминде сабакка даярдануу, эсалуу, уктоо убактылары жаш өзгөчөлүктөрүнө, сабак өтүүнүн убактысына жараша түзүлөт.