БАЛКАН СОЮЗУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛКАН СОЮЗУ (1912) - Болгария, Сербия, Грекия ж-а Черногориянын Түркияга, иш жү­зүндө Австрия-Венгрияга каршы багытталган со­гуштук-саясий биримдиги. 1912-ж. бир катар со­гуштук конвенциялар ж-а келишимдер м-н то­лукталган. Б. с. Россиянын активдүү колдоосу м-н түзүлүп, Россия бул союздун жардамы м-н Австрия-Венгриянын ж-а Германиянын Балкан­га келишине тоскоол кылууга умтулган. Б. с-н түзүү идеясын Англия м-н Франциянын өк­мөттөрү да жактырышкан. 1912-ж. октябрда Б. с-нун мамлекеттери Түркияга каршы согуш башташып, тез эле жеңишке жетишкен. Бул жеңиштен кийин Сербиянын, Грекиянын ж-а Болгариянын ортосунда Македонияны бөлүштү­рүүдөн келип чыккан чыр-чатактар мурдагы союздаштардын араздашуусуна ж-а Б. с-нун ыдырап бузулушуна (1913), алардын өзара со­гушуна алып келген, к. Балкан согуштары (1912-13).