ГУРБАХШ СИНГХ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:51, 22 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУРБА́ХШ СИНГХ (26. 4. 1895 – 1977) – индиялык жазуучу, котормочу, агартуучу. «Улуу бейпилдиктеги өзөн» (1940), «Сүйүү сакчысы» (1946), «Шабнам» (1955), «Турмуш мурасы» (1960) аттуу аӊгемелердин, о. эле «Күйөөсүз эне» (1942), «Дарактар арасында» (1973) романдардын автору. М. Горькийдин автобиографиялык чыгармаларын пенжаб тилине которгон.