БАЛКАШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛКАШ — Казакстандын чыгышындагы туюк көл. Балкаш-Алакөл ойдуңунда (деңиз деңг. 342 м бийикте), аянты 17ден 22 миң км2ге че­йин өзгөрүп турат. Тереңдиги 26,5 м ге чейин. Суусунун орт. көлөмү 105 км3. Булуң-буйтка­луу. Сары-Эшик ж. а. көлдү экиге бөлөт. Баты­шынан Иле, чыгышынан Каратал, Аксуу, Леп­сы ж. б. дарыялар куят. Б. көлүнүн батыш бөлү­гүнүн суусу тузсуз, таза, чыгышыныкы туздуу­раак. Көлде жалпы аянты 66 км2 жеткен 43 арал бар. Алардын ирилери - Басарал, Таса­рал. Иле д-нын сугатка көп таралышы көлдүн туздуулугун күчөтүп, деңгээлинин төмөндөшүнө шарт түзүүдө. Ноябрда тоңуп, апрелде ачылат. Балык (сазан, судак, сом ж. б.) кармалат. Кеме жүрөт. Боюнда Балкаш ш. бар. Негизги прис­тандары: Бурылдайтал, Бурлитөбө.