БАЛКЫБЕКОВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛКЫБЕКОВА Сайрагүл (1922, Нарын обл., Нарын р-ну, Эчкибашы айылы - 7. 10. 1995, Бишкек) - драма артисти, КРдин эл арт. (1970). Актёрлук иши 1939-ж. Нарын драма театрынан башгалган. 1946-48-ж. Кыр­гыз мамл. драма театры­нын, 1949-52-ж. Пржеваль­скидеги Ысыккөл обл. дра­ма театрынын, 1952-жыл­дан Кыргыз мамл. драма театрынын артисти. Б. жерг. авторлордун ж-а дүйнөлүк классиктердин чыгармала­рындагы ар кыл мүнөздөгү образдарды көрүүчүлөргө

жандүйнөсүнүн сезимталдыгы, таланты м-н жеткире билген. Аткарган негизги ролдору: Ай­ганыш (К. Жантөшев, «Курманбек»), Жаңыл (К. Маликов, А. Куттубаев, «Жаңыл»), Жыпар­гүл (Т. Абдумомунов, «Атабектин кызы»), Зуу­ра (Б. Жакиев, «Атанын тагдыры»), Жер-Эне (Ч. Айтматов, «Саманчы жолу»), Кручинина (А. Н. Островский, «Күнөөсүз күнөөлүүлөр»), Ре­гина (Шекспир, «Король Лир»), Анна (Л. Тол­стой, «Анна Каренина»), Эне (Б. Жакиев, «Өкүм»), Бакдөөлөт, Каны­кей (Ж. Садыков, «Манастын уулу Семетей», «Сей­тек »), Бурма (Т. Ка­сымбеков, «Ток­тогул»), Чүкөдөй (Т. Абдумому­нов, «Жыгылган оогонго күлөт»),

Ш. Садыбакасовдун «Акбоз ат» спектак­линде Зулайканын ролунда - С. Балкы­бекова.
Бермет (К. Эшмамбетов, «Саринжи-Бөкөй») ж. б. «Ардак Белгиси» ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.