БАЛМУЗДАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛМУЗДАК - сергиткич десерт тамак-аш. Ал жагымдуу даамы м-н катар жогору калориялуу, жеңил сиңимдүү; Б-тын көп түрүндө организмге керек белок, май, углевод, минерал туздар ж-а витаминдер бар. Б-тын негизги сырьёсу - сүт продуктулары, кант, жаңы үзүлгөн же тоңду­рулган жер-жемиштер, кыям, шоколад, жаң­гак, бадам, цукат, жумуртка, стабилизаторлор (агар), жыт бергич заттар ж. б. Сырьёдон бел­гилүү өлчөмдө аралашма даярдалат, ал пастер­ленет, гомогенделет; «Жумшак» Б. идишке са­лынат же атайын кагаздарга оролуп, формага келтирилет да, муздаткыч камерада сакталат.