БАЛЫКЧЫ БУЛУҢУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЫКЧЫ БУЛУҢУ , К ө т м а л д ы б ул у Ң у - Ысыккөлдүн батыш бөлүгүндөгү эң ири булуң. Чырпыкты кыш-нан меридиан б-ча кеткен 100 м изобата сызыгы булуңдун табигый чыгыш чеги болуп саналат. Уз. 34 км ге чейин, эң кууш жери Торайгыр ж-а Туурасуу ж. а-нын аралыгында - 13,5 км. Булуңду батышынан чек­теген Балыкчы түздүгү саздак келип, кумдук­чопо, шагылташ тектеринен түзүлгөн; камыш­туу. Түндүгүндөгү ж-а түштүгүндөгү аккумуля­циялык жээктеринде чычырканак өсөт. Жа­рымчөлдүү жээгиндеги Бозбармак тоосунун чыгыш капталынан, 1620-1640 м бийиктен көлдүн жогорку деңгээлинин издери байкалат. Бозбар­мактын чыгыш уландысы кенен сайроон түрүндө суу астында жатат (10 м изобата сызыгы жээк­тен 3-5 км ге чейин жетет). Булуңга туруктуу суу куйбайт; мезгили м-н гана Торайгыр ж-а Туурасуу сайларынан суу акканы байкалат. Мурда Чүй д-нын ийилген жериндеги саздак нук аркылуу Ысыккөлгө суу куюп турган деген ил. болжол бар (к. Бууган, Көтмалды, Ысыккөл). Көлдүн деңгээлинин төмөндөшүнөн булуңдун аянты да кичирейүүдө; 1957-жылдан 1984-жылга чейин булуңдун суусу тартылып, кургактыкка айланган жердин аянты 10 км 2ге жеткен. Булуңдун таманында суу астындагы эки өрөөн (нук) бар, алар мурда көлдүн деңгээли 110 м тереңдикте болгон мезгилде жаралгандыгы аныкталган. Өрөөндүн бири Көтмалды нугу­нун чатынан башталып, булуңдун чыгышында 90 м тереңдиктен бүтөт. Анын эң жазы жери 600 м, чуңкурдугу башталышында 5-6 м, орто бөлүгүндө 20 м дей. Көтмалдынын нугуна суу астындагы өрөөндүн уланып жатышына байла­ныштуу айрым илимпоздор аны Чүй д-нын мур­дагы нугу деп аныкташса, башкалары ал Ысыккөлгө куйган өзүнчө суунун нугу деген пикирге келишүүдө. Экинчи өрөөн (нук) Туурасуунун уландысы; ал 10 м тереңдиктен башталып, 120 м тереңдиктен бүтөт; туурасы 1,0-1,2 км, чуңкурлугу 40 м ге чейин. Булуңдун аймагы Ысыккөл өрөөнүндөгү эң кургакчыл жер бол­гондуктан мында буулануу да кескин жогору (жылына 900 мм ден ашык). Б. б-на саат жебе­синин багытына каршы аккан өзүнчө циклон­дук суу айлампасы мүнөздүү. Август-октябрь айларында батыштан соккон «улан» шамалынан кийин саат жебеси б-ча аккан антициклондук циркуляция агымы пайда болот; шамалдын таа­сиринен булуңдун деңгээли 30 см ге чейин өзгө­рүп (тартылуу, көтөрүлүү толкундары), шамал басылгандан кийин мезгил-мезгили м-н сейши кубулушу байкалат. Булуңдун түбүндө (3540 м тереңдикте) негизинен «хара» балырлары өсөт. Бул балырлар чирип, күкүрттүү суутек жыттанган автохтон кара баткагын пайда кылат. Баткактын запасы мол болгондуктан, да­рылоодо ж-а чарбада (жерсемирткич катары) мааниси зор. Чабак, сазан, каңылтыр, о. эле жылтыр балыктары бар. Жээгинде Балыкчы ш. ж-а кеметурак жайгашкан.
Ад.: Приозёрная зона озера Иссык-Куля. Ф., 1979. С. Өмурзаков.