БАЙЛАНЫШ КАНАЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЛАНЫШ КАНАЛЫ , б е р ү ү к а н ал ы - ар кандай кабарды бергичтен кабыл ал­гычка жеткирүүчү тех. түзүлмөсү бар байланыш аба линиясы. Тех. түзүлмөлөр (күчөткүч, код түзүүчү түзүлмө ж. б.) байланыш аба линиясы­нын ортоңку ж-а акыркы пункттарына орнотулат. Кабар берүүчү линия катары асма ж-а кабель зымдары, радио, радиотеле ж-а толкун өткөргүчтөр пайдаланылат. Бергич, Б. к., кабыл алгычтар биригип, байланыш системасын түзөт. Б. к-нын телефон, үн сигналын берүү, телекөрсөтүү, факсимиле, фототелеграф, телеграф каналы деген түрлөрү бар. Телефон каналы үн жыштыгынын 300-3400 Гц диапазонунда 2-100
иштеп, ар бир канал өзгөртүүчү түзүлмөлөрдүн (генератор ж-а модулятор) жардамы м-н 12, 60, 300 каналдуу топторго бөлүнөт. Бир тараптуу байланыш түзүүчү каналдар симплекс, эки та­раптуусу дуплекс канал деп аталат. Б. к. м-н электр, акустикалык, оптикалык сигналдар та­ратылат.