БАКАЛООР БУТТУУЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКАЛООР БУТТУУЛАР (Вгапсһіоройа) - өтө жөнөкөй түзүлүштөгү раксымалдар классчасы. Кембрий мезгилинен бери белгилүү. Башы көкүрөк сегменттери м-н бирикпейт. Фасеттүү көзү бар. Жалбыракка окшош буттары сүзүү­гө, дем алууга ж-а азыктанууга жардам берет. 740ка жакын түрү бар. Көбүнчө тузсуз суулар­да кезигет. Деңизде сейрек учурайт. Б. б. ж-а жалбырак буттуулар деген 2 түркүмгө ажыра­тылат.