ВОЕННО-АНТОНОВКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:38, 31 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВОЕННОАНТО́НОВКА – Чүй облусунун Сокулук районундагы кыштак. Военно-Антоновка айыл өкмөтүнө караштуу. Бишкек–Ташкен автомо­биль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 737 м би­йиктикте жайгашкан. Райондун борбору Соку­лук кыштагынан 15 км чыгыш тарапта. Пишпек темир жол бекетинен 7 км. Кыштак 1900-жылы оту­рукташкан. Калкы 22712 (2022); негизинен мал чарбасында ж-а дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, балдар үйү, бала бакча, үй-бүлөлүк врачтар тобу, дарыкана, маданият үйү, китепкана, кафе ж-а автобаза бар. Улуу Ата Мекендик со­гушта курман болгондорго эстелик тургузулган.