БАКТЕКТЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКТЕКТЕР - куштардын көгүчкөн сымалдар түркүмүндөгү уруусу. Б. көгүчкөндөрдөн кичи­рээк (уз. 14-30 см), мойнунда кара тагы бар, куйругу узун. Түсү күрөң, аркасы кара көк, боору агыш, куйрук чалгындары көгүш. Алар Европа­нын борб., түш. бөлүктөрүндө, Иран, Афганстанда кезигет. КМШ өлкөлөрүндө 5 түрү жашайт. Да­рактар ж-а бадалдарга уя салып, эки ак жумурт­ка тууп, эркек ж-а ургаачысы басып чыгарат. Б. өсүмдүк уругу, мөмөсү, даны м-н азыктанат.