БАМБУК
БАМБУК (ВатЬиза) - дан өсүмдүктөр тукумунун уруусундагы дайыма жашыл бир же көп жылдык өсүмдүк. Жыгачка айланган сөңгөгүнүн бийикт. 35 м дей, муунактуу, жогору жагы бутактуу. Жалбырагы тасма сымал, ичке, жалбырак сабы кыска. Топгүлү шыпыргы, кош жыныстуу; мөмөсү - данча. Б. чанда (10-12 жылда) жыш гүлдөп, мөмө байлагандан кийин куурайт. Өтө тез өсөт (суткасына 0,75 м). Анын 80дей түрү негизинен Чыгыш ж-а Түш. Азияда өсөт. Көгүлтүр Б. көбүнчө саябакта (паркта), бакта кооздук үчүн өстүрүлөт. Кадимки ж-а камыш Б. - баалуу курулуш материалы. Саза уруусунун бир нече түрү КМШ өлкөлөрүндө, Курил ж-а Сахалин а-нда жапайы өсөт. Жаш өркүнү тамак-ашка кошулат. Индияда ж. б. бир катар өлкөлөрдө целлюлоза-кагаз өнөржайына сырьё катары пайдаланылат.