«ВОСХОД»
«ВОСХО́Д» – Жер айланасындагы орбита б-ча учкан көп орундуу космос кемелеринин аты.


«В-дун» конструкциялык . жагынан «Восток» кемесинен айырмасы – жумшак кондуруу системасы, резервдүү тормоздук кыймылдаткыч жасалгалары, иондуу билдиргич (датчик) аркылуу багыт алуу системасы, өркүндөтүлгөн телевизор ж-а радиотехникалык аппаратурасы бар. «В.-1» кемесинин учкуч-космонавты В. М. Комаров (командири), илимий1 кызматкер К. П. Феоктистов, врач Б. Б. Егоровдордон турган экипажы 1964-ж. 12-октябрда орбитага чыгарылган. Экипажы космонавт П. И. Беляев (командири) ж-а учкуч-космонавт А. А. Леоновдон турган «В.-2» кемеси 1965-ж. 18-мартта учурулган. Космонавт А. А. Леонов өз алдынча (жеке) жашоого мүмкүнчүлүк берген скафандр кийип, дүйнөдө биринчи болуп ачык космос мейкиндигине чыккан, кемеден 5 м алыстыкта 20 мин убакыт сыртта жүрүп, сүрөткө тартуу ж-а өлчөө иштерин аткарган.
«В-дун» максимум массасы 5,68 т, максимум учуу бийикт. 497 км.