ВОЛКОВЕНКО
ВОЛКОВЕ́НКО Афанасий Иванович [1907, Алтай крайы, Васильчуки кыш. (азыркы Ключевский р-ну) – 6.11.1944, Ровно обл., Червоноармейск ш.] – Сов. Союз. Баатыры. Сов. Армияга чакырылганга чейин (1941) Фрунзеде (азыркы

Бишкек) «Кондитер» артелинде иштеген. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда 1-гвардиялык атчандар дивизиясына караштуу 6-гвардиялык атчандар полкунда эскадрондун командири болгон. 5 ай бою Смоленск обл-нда фашисттик тылда согушкан. 1942-ж. 26-апрелде анын эскадрону Мышенка кыш-н (Угранский р-ну) ээлеп алган. В. жарадар болгонуна карабастан, катардан кетпей салгылашкан.
1942-ж. 19-июнда душмандын дзотун талкалап, Смоленск р-нунда фронттун линиясынан өтүшкөн. О. эле Масальский ж-а Варшава шосселери үчүн уруштарга, Вязьма, Житомир, Луцк ш-н бошотуу үчүн салгылаштарга катышкан. В. салгылашып жүрүп, Чехословакиянын чегарасына чейин жеткен. Салгылашта курман болгон. Ленин, Кызыл Жылдыз ордендери м-н сыйланган.