ВОЛЬТА (Батыш Африкадагы дарыя)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:48, 3 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВО́ЛЬТА – Батыш Африкадагы дарыя, негизи­нен Гананын аймагында. Кара ж-а Ак Вольта дарыя­ларынын кошулушунан пайда болот. Узундугу (Кара Вольтанын башатынан) 1600 км, алабынын аянты 394 миң км2. Кара Вольта Бобо-Диуласо шаарынын (Бур­кина-Фасо) жанындагы дөңсөөлөрдөн башта­лып, Ак Вольтага кошулганга чейин кристаллдык платодогу кенен өрөөн, ортоңку бөлүгүндө Га­нанын Буркина-Фасо ж-а Кот-д’Ивуар өлкөлөрү м-н болгон чегаралары (бул бөлүгү босоголуу), андан ары Акосомбо шаарына чейин түздүк аркы­луу агат. Бул бөлүгүндө 1964-жылы плотина куру­луп, Вольта өрөөнүндө Вольта суу сактагычы пайда болгон. Чатына 110 км калганда деңиз боюнда­гы ойдуң аркылуу агып, Гвинея булуңуна куяр­да саздуу дельтаны пайда кылат. Суусунун орточо чыгымы чатында 1288 м3/сек. Ири куймасы – Оти (сол). Балык кармалат. Чатынан 400 км аралыкка чейин кеме жүрөт. Ири порттору: Япеи (Тамале-Порт; Ак Вольтада), Кете-Крачи, Акосомбо. ГЭС курулган.