БАЙЫРКЫ ИРРИГАЦИЯЛЫК КУРУЛМАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЫРКЫ ИРРИГАЦИЯЛЫК КУРУЛМАЛАР К ы р г ы з с т а н д а г ы. Кыргыз жергесинин тоо этектериндеги түздүктөрү коло доорунан тартып өздөштүрүлүп келген. Фергана, Чүй өрөөн­дөрүндөгү эстеликтер байыркы дыйканчылык, суу бойлоп жайгашкан алгачкы туракжайлар тууралуу кабар берет. Дыйканчылыктын гүлдөп өсүшү климат ж-а сугат ишкердиги м-н тыгыз байланыштуу болгон. О. Азияда алгачкы сугат арыктары ж-а суу топтой турган жерлер энеолит (б. з. ч. 4-3 миң жылдыктар) доорунан тартып белгилүү. Окумушгуулардын кийинки жыл­дардагы изилдөөсүнө караганда мындан 20002700 жыл мурда, эрте темир доору мезгилинде Жетисуу аймагында жашаган калктын бир бөлүгү отурукташышып, жер иштетишкен. Кырг-нда ирригациялык курулмалар (суу куур­лары) Чүй жергесинде (Төкөлдөшарык, Таша­рык, Жыламышарык, Өтөгөнарык, Сайарык) о. кылымдардан баштап ишке киргизилген. Кээ бир жерлерде жер астынан чыккан суу үчүн майда арыктарды пайдаланышкан. Кыргыз жерге­синдеги б. з. ч. арыктар, туракжай орундары жеткиликтүү изилдене элек. К. Табалдиев.