БАКТЕКТЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:11, 31 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКТЕКТЕР - куштардын көгүчкөн сымалдар түркүмүндөгү уруусу. Бактектер көгүчкөндөрдөн кичи­рээк (узундугу 14-30 см), мойнунда кара тагы бар, куйругу узун. Түсү күрөң, аркасы кара көк, боору агыш, куйрук чалгындары көгүш. Алар Европа­нын борбордук, түштүк бөлүктөрүндө, Иран, Афганстанда кезигет. КМШ өлкөлөрүндө 5 түрү жашайт. Да­рактар ж-а бадалдарга уя салып, эки ак жумурт­ка тууп, эркек ж-а ургаачысы басып чыгарат. Бактектер өсүмдүк уругу, мөмөсү, даны м-н азыктанат.