ВОРОБЬЁВА Наталья Илларионовна

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:28, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВОРОБЬЁВА Наталья Илларионовна (1918, Сокулук району, Сокулук кыштагы – 1987, ошол эле жер) – кызылчачы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957).

Ал 1934-ж. Сокулук районундагы 21-партсъезд атындагы . колхоздо колхозчу, кийин звено баш­чысы болуп иштеген. 1956- ж. анын звеносу 10 га жер­деги кант кызылчасынын ар гектарынан 730 цден түшүм жыйнап алган. 1963– 71-ж. СССР Жогорку Сове­тинин, 1950–62-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Эки Ленин ордени м-н сыйланган.