БАЛГЫН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛГЫН , т а м а р и к с (Татагіх) - жылгын­дар уруусундагы бадал, чала бадал, майда да­рак. Сабагы кыска, катуу түк м-н капталган. Жалбырагы кабырчык (түрпү) сымал, майда, үстү туз чыгаруучу бездер м-н капталган. Гүлү ак, кызгылт, майда, эки жыныстуу, топгүлү ичке машакка чогулуп, сеңселген чачыны пайда кы­лат. Желекчелеринин саны 4-5, күлгүн кызыл. Кайчылаш чаңдашат. Кутуча мөмөсүнүн уз. 1,8 мм, 3-5 кырдуу пирамидадай, учу 3 бөлүктүү, көп уруктуу. Уругу майда. Калемчелеп көбөй­түүгө болот. Кооз, туздуу жерге чыдамдуу өсүм­дүк, талааны коргоодо, токой аянтын кеңейтүү­дө пайдаланылат. Көп жылдык. Балдуу, ашаткыч касиетке да ээ.