БАЛТЫРКАН
БАЛТЫРКАН (Негасіеит) — өсүмдүктөрдүн чатыр гүлдүүлөр тукумундагы уруусу; эки же көп жылдык чөп. Сабагы түктүү, катуу, көңдөй, бийиктиги 1—1,5 м. Жалбырагы татаал же үч ача кесилген. Моно- же поликарптык өсүмдүк. Гүлү майда, ак, сары, жашыл, мала кызыл. Топ гүлү - татаал чатырча. Мөмөсү - кутуча. Жер жүзүндө 70, Кырызстанда 4 түрү жайлоодо, бөксө тоодо суу жээктеп өсөт. Уругу м-н көбөйөт, көпөлөктөр чаңдаштырат. Тоют катары пайдалынылат, жаш өркүндөрү желет. Алай тоолорунда ж-а Чоң Кемин өрөөнүндө эки эндемик түрү өсөт. Уругунда эфир майы, кумарин болгондуктан, медицинада колдонулат. Балтыркандын көп түрүнүн ширеси дерматит (күйүк) пайда кылат. Кээ бир түрлөрү кооздук үчүн өстүрүлөт.