ВУЛКАНИЗАЦИЯ
ВУЛКАНИЗА́ЦИЯ – «чийки» каучукту ийилчээк резинага айландыруучу технол. процесс. Каучукка караганда резина колдонулууга көпчүлүк физ.-мех. касиеттери б-ча ыңгайлуу келет. Анын жылуулукка, суукка чыдамдуулугу жогорулайт, ийилчээктиги ж-а бышыктыгы артат, орг. эриткичтерге эриши ж-а көбүүсү азаят. Көпчүлүк учурда каучуктарды В-лоо күкүрт же башка (ыш, бор, коалин ж. б.) хим. агенттердин жардамы м-н жүргүзүлүп, каучуктун макромолекуларынын ортосунда тор сыяктуу байланыштар пайда болот. Тор сыяктуу түзүлүштөгү вулканизаттардын касиети хим. байланыштардын санына, алардын молекулада жайгашышына ж-а мол. салмагына жараша өзгөрүлөт. Каучукка 0,5–5% күкүрт кошулса, жумшак вулканизаттар пайда болот. Алардан автомобиль камерасы, покрышкасы, топ, түтүк ж. б. жасалат. Ал эми 30–50% күкүрт кошулса, катуу ийилгич эмес материал (эбонит) алынат. Өнөржайда резина аралашмаларын В-лоо атайын агрегаттарда, автоклавдарда, пресстерде, туз ванналарында, калыпталган ж-а калыпталбаган казандарда, тынымсыз иштөөчү аппараттарда басым астында ысытылып жүргүзүлөт. Каучукту хлордуу күкүрттүн (S2Cl2) жардамы м-н ысытпай эле В. жүргүзүүгө болот. Курамында күкүртү жок В-лоочу бирикмелер да белгилүү. Окистендирүүчү агенттер (О2, орг. ж-а орг. эмес өтө кычкылдар, нитробирикмелер диазобирикмелер ж. б.). В-нын жардамы м-н ар кандай шарттарга туруктуу жакшы касиеттерге ээ резиналар алынат.