ВЫГЛАЗОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЫГЛА́ЗОВ Григорий Исаевич (1919, Батыш Сибирь крайы, Сузун р-ну, Шайдаров кыш. – 16.5.1942, Темиров ш.) – Сов. Союз. Баатыры (1943). Сов. Армиянын катарына Ош обл-нун Гүлчө р-ндук аскер комиссариаты тарабынан чакы­рылган.

Улуу Ата Мекен­дик согушта Түн. Кавказ фронт штабынын чалгын­доо бөлүмүнүн парашют ба­тальонунда бөлүмдүн ко­мандири. Керчь ж. а-ндагы салгылаштарга катышкан. Керчь ж. а-ндагы Темиров ш-нын аймагындагы салгы­лашта душмандын 3 танка­сын экипажы м-н талкалап, 20 фашистти жок кылып, сов. аскерлерге чабуулун улантууга шарт түзгөн. Ефрейтор В. ошол чабуулда кур­ман болгон. Ленин ордени м-н сыйланган.