ВЫГОТСКИЙ
ВЫГО́ТСКИЙ Лев Семёнович [5 (17).11.1896, Орша – 11.6.1934, Москва] – психолог. МГУда ж-а Шанявский ун-тинде окуган. Ар кандай психол. процесстерди изилдөөнүн жаңы ыкмала-
35–100
рын, жогорку психологиялык функциялардын өнүгүшүнүн маданий-тарыхый концепциясын иштеп чыккандыгы м-н белгилүү болгон. В-дин теориясы б-ча балдардын дүйнөнү кабылдоосу, түшүнүүсү айланасындагы адамдар м-н кызматташуунун натыйжасында калыптанат. Ал өнүгүүнүн жакынкы зонасы идеясын сунуш кылган. Москвада аномалдуу балдар психологиясы лабораториясын негиздеген (1925–26). Пед. ж-а патол. психология б-ча көптөгөн эмгектердин автору. Ой м-н сөздүн катышы, түшүнүктөрдүн онтогенездеги өнүгүшү ж. б. проблемалардын үстүндө иштеген. Атамекендик ж-а дүйнөлүк психология, педагогика, дефектология, философия сыяктуу илимдердин өнүгүшүнө зор салымын кошкон.