ВЭЛФЕР
ВЭЛФЕР (англ. welfer – жыргалчылык) – социалдык жардам көрсөтүүнүн америкалык системасына кирүүчү социалдык пособиенин аталышы. Ал бюджет каражаттарынан акча трансферттери‚ ошондой эле натуралай пособие түрүндө төлөнөт. Акча пособиелерине жакырчылык боюнча‚ үй-бүлөлүк ж-а балдар пособиелери‚ анын ичинде көп бүлөлүүлөргө пособие‚ баа субсидиялары ж. б. кирет. Натуралай пособиелер азык-түлүк жагынан жардамдан тышкары билим берүүдө‚ саламаттык сактоодо‚ оорулууларга ж-а улгайгандарга акысыз кызмат көрсөтүүнү камтыйт. Вэлферди дайындоо кирешелердин ж-а мүлктүн өлчөмдөрүн текшерүүнү болжолдойт. Пособие бардык иштеп тапкан кирешеси же/ж-а мүлкү тиричилик минумуму м-н аныкталуучу жакырчылык чеги деп аталган белгилүү деңгээлден бир аз гана жогору же ага барабар адамдарга берилет. Тиричилик минимуму «керектөө себетине» кирген бардык жыргалчылыктын наркы м-н белгиленет. Вэлфер алуучулардын кирешесинин өсүшү анын өлчөмүнүн азайышына негиз болот‚ ал эми кирешелердин белгилүү бир деңгээлине жеткенде төлөө токтотулат.