БАЛ ТАРТКЫЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛ ТАРТКЫЧ - бал тартуучу курал. Аны че­хословакиялык бал челекчи - конструктор Груш 1865-ж. ойлоп чыгарган. Анын бир нече түрү бар. Б. т. кашектүү, айланган барабандуу че­лектен ж-а кыймылга келтиргичтен турат. Бал челектин уячаларынын оозу ачык балдуу рамкалары кашекке орнотулат. Барабан айланган­да челектин бооруна бал чачырап, түбүнө жы­йылат да, чоргодон тышка агат. Демейде челе­гинин бийикт. 820 мм, диаметри 600 мм, иди­шине 30 л бал батат. Азыр электр м-н кыймылга келтирилүүчү Б. т. бар.