БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУ
БАЗАРКОРГОН РАЙОНУ - Жалалабат обл-ндагы адм. бирдик. 1934-ж. чейин анын курамында Масы р-ну да болгон. 1937-78-жылдардын аралыгында Масы ж-а Базаркоргон р-ндору эки жолу биригип, кийин Ленин р-ну аталган. 1978- жылдан өзүнчө район. Батышынан Ноокен, түндүгүнөн Токтогул, түн.-чыгышынан Тогузторо, чыгышынан ж-а түшгүгүнөн Сузак р-ндору, түш. - батышынан Өзбекстан м-н чектешет. Аянты 2,0 миң км2. Калкы 128,7 миң (2003). Райондо 9 айыл өкмөтү, 55 кыштак бар. Борбору - Базаркоргон кыш.
Райондун аймагы негизинен Каруңкур өрөөнун ж-а аны курчап турган Бабашата кыркатоосунун түш.-чыгыш, Кеңкол, Фергана тоолорунун түш. капталдарын, о. эле Фергана өрөөнүнүн түн.-чыгыш өндүрүнүн бир аз бөлүгүн ээлейт. Райондун табигый байлыгынын негизин Арстанбап, Кызылүңкүр, Каба, Ачы жапайы жаңгак-жемиш токой массивдери, курулуш материалдары, минералдуу суулары түзөт. Климаты мелүүн континенттик, жерортолук деңиз климатына окшош. Кышы мелүүн суук, январдын орт. темп-расы -3...-10°С; жайы кургакчыл, ысык, тоолуу бөлүгүндө салкын, июлдун орт. темп-расы 10-20°С. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү түзөң бөлүгүндө 300-400 мм, тоолуу бөлүгүндө 1100 мм ге чейин. Райондун аймагынан Карүңкүр суусу агат; ал Фергана ж-а Бабашата тоолорунан башталып, Кызылүңкүр, Жазкечүү ж-а Арстанбап сууларынын кошулушунан түзүлөт. Көлдөрү: Кеңкол, Кутманкөл, Каракол; о. эле ж. б. чакан көлдөрү бар. Жери негизинен боз, кара күрөң ж-а күрөң-тоо топурактуу. Б. р-нун аймагында Түш. Кырг-ндагы жапайы жаңгак-жемиш токоюнун эң жыш массивдери (Арстанбап, Кызылүңкүр) жайгашкан. Ал массивдер - дүйнөдөгү эң кооз жерлердин бири. Кооздукту жыш өскөн жапайы жаңгак - жемиш токою түзөт. Жаңгакка аралаш алча, алмурут, карагат, кайналы, айвансари, алма ж. б. мөмө-жемиштер, о. эле шилби, итмурун, асамуса, карамарт, ыргай, четин өсөт. Токой арасындагы ачык аянттарды өскүлөң шалбаа өсүмдүктөрү ээлейт. Суу боюнда терек, тал, чычырканак ж. б. өсөт. Жаңгак токоюнун жогорку чегинде карагай, акчечек, кайың, шилби, табылгы кездешет.
Райондун калкы көп улуттуу; көбү кыргыздар, андан сырткары орус, өзбек, уйгур, тажик, украин, корей, башкырт, татар ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Калкынын орт. жыштыгы респ-нын жалпы жыштыгынан жогору, 1 км2 жерге 64 киши.
Райондун экономикасынын негизин а. ч. түзөт. А. ч-нын негизги багыты - пахтачылык, дан чарбасы ж-а тамекичилик. Район б-ча 2003-ж. 6130 чарбалык субъект иштеп, анын 5701 үй-бүлөлүк, 85 фермердик, 318 дыйкан чарба, 4 үрөнчүлүк чарбасы болгон. А. ч-га жарактуу жери 104,7 миң га, анын 13,8 миң га сы сугат жер, 5,6 миң га сы чабынды, 78,3 миң га сы жайыт, 791 га сы көп жылдык бак-дарактар. Айдоо жерлеринен 2003-ж. 26,0 миң т буудай, 17,4 миң т пахта, 0,2 миң т тамеки, 10,3 миң т картөшкө, 3,6 миң т мөмө-жемиш, 19,8 миң т жашылча, мал чарбасы үчүн 12,4 миң т тоют жыйналган. 2003-ж. буудай 7042 га, жүгөрү 1178 га, шалы 524 га, башка дан өсүмдүктөрү 354 га, пахта 5350 га, тамеки 838 га, май алынуучу өсүмдүктөр 4451 га, картөшкө 787 га, жашылча 960 га, бакча 206 га жерге өстүрүлгөн. Райондо 2003-ж. 55,6 миң кой-эчки, 4,6 миң бодо мал, 6,9 миң жылкы, 7,0 миң үйкушу асыралган, 6,2 миң т эт, 33,3 миң л сүт, 163 т жүн, 3,1 млн даана жумуртка өндүрүлгөн.
Райондун экономикасында өнөржайдын үлүшү да кыйла маанилүү. 2003-ж. райондун жалпы өнөржайында 56,2 млн сомдук продукция өндүрүлгөн. Райондо өнөржай ишканаларынан пахтаны кайра иштеп чыгуучу «Актилек-А», «Алтынкемер» ишканалары, «Кыргыз - Түрк Этем Озсой» з-ду, жаңгак жыгачынан үй буюмдарын жасап чыгаруучу Кыргыз-Түрк Вуд Индастри ишканасы иштейт. Ал эми Кыргыз-Америкалык «Дюбек холдинг» тамеки ферменттөөчү, Кыргыз-Корей жибек өндүрүүчү биргелешкен ишканалары өз продукцияларын чет өлкөлөргө сунуш кылууда. О. эле райондо «Байлык», «Кенч», «Айыл курулушу», «Карүңкүр» акцио-

нердик коомдору, сүт, нан з-ддору, 138 тегирмен, 58 май тегирмен, 31 ак жуваз чакан ишканалары иштейт. Базаркоргон кыш-нда жеке менчик 8 базар бар. Райондогу транспорт каттамынын негизги түрү - автомобиль жолу. Андагы жолдордун жалпы уз. 194 км, анын асфальтталганы 147 км. Базаркоргон кыш. - жолдор тоому. Ал аркылуу Бишкек - Жалалабат - Ош автомобиль жолу өтөт. Андан сырткары Базаркоргон - Арстанбап, Базаркоргон - Кызылүңкүр ж. б. автомобиль жолдору бар. Райондо 2003-04-окуу жылында 2 кесиптик лицейде (Базаркоргон, Кажырабат кыш-нда) 465 окуучу окуп, 21 мугалим, 16 мастер ж-а 56 жалпы билим берүүчү мектептерде 33,0 миң окуучу окуп, 2,3 миң мугалим иштеген, 13 балабакчада 900 бала тарбияланган. Андан сырткары райондук спорт (357 окуучу), муз. мектептер (115 окуучу), гимназия мектеп-интернаты, 4 гимназия багытында иштеп жаткан мектеп (жалпы гимназиялык мектептерде 4758 окуучу окуйт), балдар ж-а өспүрүмдөрдүн «Жаш талант» чыгармачыл борбору (210 окуучу) иштейт. Арстанбап, Кызылүңкүр аймактарында окуучулар жайында эсалуучу жайлар бар. Райондо 2003-ж. борборлоштурулган китепкана (китеп фондусу 25,2 миң нуска), 27 айылдык китепкана, 8 маданий-социал. комплекс, 13 мад-т үйү, борборлоштурулган оорукана, 6 айылдык оорукана, бейтапкана, учук оорулар диспансери, 16 үйбүлөлүк врачтар тобу, 17 ФАП, санитария-эпидемиологиялык станция, балдар санаторийи болгон. Райондо тарыхый жерлер да арбын, алар - Арстанбапата, Актайлаката, Көлкупаната тарыхый эстеликтери ж. б. көптөгөн мазарлар. Райондук «Арстанбап таңы» гезити чыгат. Ө. Бараталиев.