БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:24, 5 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЗАРКОРГОН РАЙОНУ - Жалал-Абад облусунда­гы административдик бирдик. 1934-жылга чейин анын курамында Масы району да болгон. 1937-78-жылдардын аралыгында Масы ж-а Базар-Коргон райондору эки жолу биригип, кийин Ленин району аталган. 1978- жылдан өзүнчө район. Батышынан Ноокен, түн­дүгүнөн Токтогул, түндүк-чыгышынан Тогуз-Торо, чыгышынан ж-а түшгүгүнөн Сузак райондору, түштүк - батышынан Өзбекстан м-н чектешет. Аянты 2,0 миң км2. Калкы 128,7 миң (2003). Райондо 9 айыл өкмөтү, 55 кыштак бар. Борбору - Базаркоргон кыш. Райондун аймагы негизинен Каруңкур өрөөнун ж-а аны курчап турган Бабашата кыркатоо­сунун түш.-чыгыш, Кеңкол, Фергана тоолору­нун түш. капталдарын, о. эле Фергана өрөөнү­нүн түн.-чыгыш өндүрүнүн бир аз бөлүгүн ээлейт. Райондун табигый байлыгынын негизин Арс­танбап, Кызылүңкүр, Каба, Ачы жапайы жаңгак-жемиш токой массивдери, курулуш мате­риалдары, минералдуу суулары түзөт. Климаты мелүүн континенттик, жерортолук деңиз климатына окшош. Кышы мелүүн суук, январдын орт. темп-расы -3...-10°С; жайы кургакчыл, ысык, тоолуу бөлүгүндө салкын, июлдун орт. темп-расы 10-20°С. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү түзөң бөлүгүндө 300-400 мм, тоолуу бөлүгүндө 1100 мм ге чейин. Райондун аймагы­нан Карүңкүр суусу агат; ал Фергана ж-а Бабашата тоолорунан башталып, Кызылүңкүр, Жаз­кечүү ж-а Арстанбап сууларынын кошулушунан түзүлөт. Көлдөрү: Кеңкол, Кутманкөл, Каракол; о. эле ж. б. чакан көлдөрү бар. Жери негизинен боз, кара күрөң ж-а күрөң-тоо топу­рактуу. Б. р-нун аймагында Түш. Кырг-ндагы жапайы жаңгак-жемиш токоюнун эң жыш массивдери (Арстанбап, Кызылүңкүр) жайгашкан. Ал массивдер - дүйнөдөгү эң кооз жерлердин бири. Кооздукту жыш өскөн жапайы жаңгак - жемиш токою түзөт. Жаңгакка аралаш алча, алмурут, карагат, кайналы, айвансари, алма ж. б. мөмө-жемиштер, о. эле шилби, итмурун, асамуса, карамарт, ыргай, четин өсөт. Токой арасындагы ачык аянттарды өскүлөң шалбаа өсүмдүктөрү ээлейт. Суу боюнда терек, тал, чычырканак ж. б. өсөт. Жаңгак токоюнун жогорку чегинде карагай, акчечек, кайың, шилби, табылгы кездешет. Райондун калкы көп улуттуу; көбү кыргыз­дар, андан сырткары орус, өзбек, уйгур, тажик, украин, корей, башкырт, татар ж. б. улут өкүл­дөрү жашайт. Калкынын орт. жыштыгы респ-нын жалпы жыштыгынан жогору, 1 км2 жерге 64 киши. Райондун экономикасынын негизин а. ч. түзөт. А. ч-нын негизги багыты - пахтачылык, дан чарбасы ж-а тамекичилик. Район б-ча 2003-ж. 6130 чарбалык субъект иштеп, анын 5701 үй-бүлөлүк, 85 фермердик, 318 дыйкан чарба, 4 үрөн­чүлүк чарбасы болгон. А. ч-га жарактуу жери 104,7 миң га, анын 13,8 миң га сы сугат жер, 5,6 миң га сы чабынды, 78,3 миң га сы жайыт, 791 га сы көп жылдык бак-дарактар. Айдоо жерле­ринен 2003-ж. 26,0 миң т буудай, 17,4 миң т пахта, 0,2 миң т тамеки, 10,3 миң т картөшкө, 3,6 миң т мөмө-жемиш, 19,8 миң т жашылча, мал чарбасы үчүн 12,4 миң т тоют жыйналган. 2003-ж. буудай 7042 га, жүгөрү 1178 га, шалы 524 га, башка дан өсүмдүктөрү 354 га, пахта 5350 га, тамеки 838 га, май алынуучу өсүмдүктөр 4451 га, картөшкө 787 га, жашылча 960 га, бакча 206 га жерге өстүрүлгөн. Райондо 2003-ж. 55,6 миң кой-эчки, 4,6 миң бодо мал, 6,9 миң жылкы, 7,0 миң үйкушу асыралган, 6,2 миң т эт, 33,3 миң л сүт, 163 т жүн, 3,1 млн даана жумуртка өндүрүлгөн. Райондун экономикасында өнөржайдын үлүшү да кыйла маанилүү. 2003-ж. райондун жалпы өнөржайында 56,2 млн сомдук продукция өндүрүлгөн. Райондо өнөржай ишканаларынан пахтаны кайра иштеп чыгуучу «Актилек-А», «Алтынкемер» ишканалары, «Кыргыз - Түрк Этем Озсой» з-ду, жаңгак жыгачынан үй буюм­дарын жасап чыгаруучу Кыргыз-Түрк Вуд Ин­дастри ишканасы иштейт. Ал эми Кыргыз-Аме­рикалык «Дюбек холдинг» тамеки фермент­төөчү, Кыргыз-Корей жибек өндүрүүчү биргелеш­кен ишканалары өз продукцияларын чет өлкөлөргө сунуш кылууда. О. эле райондо «Байлык», «Кенч», «Айыл курулушу», «Карүңкүр» акцио-

нердик коомдору, сүт, нан з-ддору, 138 тегир­мен, 58 май тегирмен, 31 ак жуваз чакан ишканалары иштейт. Базаркоргон кыш-нда жеке менчик 8 базар бар. Райондогу транспорт каттамынын негизги тү­рү - автомобиль жолу. Андагы жолдордун жал­пы уз. 194 км, анын асфальтталганы 147 км. Базаркоргон кыш. - жолдор тоому. Ал аркы­луу Бишкек - Жалалабат - Ош автомобиль жолу өтөт. Андан сырткары Базаркоргон - Арс­танбап, Базаркоргон - Кызылүңкүр ж. б. автомобиль жолдору бар. Райондо 2003-04-окуу жылында 2 кесиптик лицейде (Базаркоргон, Кажырабат кыш-нда) 465 окуучу окуп, 21 мугалим, 16 мастер ж-а 56 жалпы билим берүүчү мектептерде 33,0 миң окуучу окуп, 2,3 миң мугалим иштеген, 13 ба­лабакчада 900 бала тарбияланган. Андан сырткары райондук спорт (357 окуучу), муз. мектеп­тер (115 окуучу), гимназия мектеп-интернаты, 4 гимназия багытында иштеп жаткан мектеп (жалпы гимназиялык мектептерде 4758 окуучу окуйт), балдар ж-а өспүрүмдөрдүн «Жаш талант» чыгармачыл борбору (210 окуучу) иштейт. Арстанбап, Кызылүңкүр аймактарында окуучу­лар жайында эсалуучу жайлар бар. Райондо 2003-ж. борборлоштурулган китепкана (китеп фондусу 25,2 миң нуска), 27 айылдык китепкана, 8 маданий-социал. комплекс, 13 мад-т үйү, борборлоштурулган оорукана, 6 айылдык оору­кана, бейтапкана, учук оорулар диспансери, 16 үйбүлөлүк врачтар тобу, 17 ФАП, санитария-эпидемиологиялык станция, балдар санаторийи болгон. Райондо тарыхый жерлер да арбын, алар - Арстанбапата, Актайлаката, Көлкупа­ната тарыхый эстеликтери ж. б. көптөгөн мазарлар. Райондук «Арстанбап таңы» гезити чы­гат. Ө. Бараталиев.