БАЗАРТУРУК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЗАРТУРУК - Нарын обл-нун Жумгал р-нун­дагы кыштак. Жаңарык айыл өкмөтүнө ка­раштуу. Базартурук суусунун боюнда, деңиз деңг. 2470 м бийиктикте жайгашкан. Район­дун борбору Чаек кыш-нан 45 км чыгыш тарап­та. Балыкчы темиржол бекетинен 135 км. Калкы 1477 (2005); негизинен мал чарбасында ж-а дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп бар.