БАЗИЛИКА
БАЗИЛИКА (гр. Ьазіііке - падыша үйү) - ичи колонна же катар түркүктөр м-н узун бөлүктөргө (нефтерге) бөлүнгөн тик бурчтуу пландагы имарат. Бул нефтер чоң аралыкты тосконго ыңгайлуу болгон; ортоңку неф (эреже катары капталдагылардан бийик ж-а кеңири) каптал бөлүктөрдөгү терезелер аркылуу жарык кылынган

ж-а апсида м-н бүткөн. Б-га кире бериш жерде туурасынан кеткен эшик асты - нартекс жайгашкан. Эң алгачкы Б. Деллос аралында б. з. ч. 210-ж. курулган. Рим ш-нда Б. сот ж-а соода залы болуп кызмат кылган. Христиан дининин бекемделиши м-н Б. храмдардын негизги типтеринин бири болуп калган, ал эми борбору неф, апсида - чыгыш жактагы алтарь м-н бүткөн. Эң ири алгачкы христиандык Б-лар бай мозаика м-н кооздолгон ж-а 4-6-к-да Рим, Равенна, Константинополь, Сирия ж. б-да курулган.