БАЙ
БАЙ - кыргыз коомунда малдуу, мүлктүү, жери, кыштоосу, жайлоосу бар социалдык топ. О. эле О. Азия, Казакстан аймактарында, Кавказдын айрым жерлеринде да көп сандаган мал, байлык күткөндөр ж-а ири жер ээлери Б. аталып, Октябрь Рев-ясынан кийин алар коомдук социалдык катмар - «эзүүчү» тап катары Совет бийлиги тарабынан «түп-тамырынан» жоюлган. Байыркы кыргыздын рун жазууларында, бүгүнкү күнгө чейин сакталып жеткен түрк тилдүү кол жазмаларда Б. деген аталыш кеңири кездешип, мал-мүлкү бар адамдарга карата аптылган. Ири Б-лар түмөндөгөн төрт түлүк малды, жайыттарды же зор аймактагы апдоо аянттарды менчиктеген. Мис., Кочкор өрөөнүндөгү Шамен Сейит уулунун 2000 жылкысы, 3000 кою, 200 төөсү, 300 ую; Солтонсары м-н Каракужурду ээлеген Калча байдын 10 000 кою, 1000 жылкысы, 200дөй топозу болгон. Калчанын малын 21 койчу, 15 жылкычы баккан. Дыйканчылык өнүккөн аймактардагы Б-лар ири жер ээлери болушкан. Куршабдык Ташмамат бай 250, алабукалык Калмабай 270 танап (1 танап - 1/6 га жакын) жер ээлешкен. Б. кыргыз коомунда бараандуу орун ээлеген. Алар коомдук мамиледе ж-а чарба башкарууда уюштургуч, жаратуучу катары маанилүү роль ойногон. Б. Солтоноевдин жазганына караганда кыргыз баллары төртке бөлүнгөн: 1) «чоң Б.». Калк арасында күткөн аброюна карата, сөөлөттүү жүрүм-турумуна жараша аларга «мырза Б.», «март Б.», «уюткулуу Б.» деген ызааттоо эпитети колдонулган. Уюткулуу Б., демек, байлык атадан балага калып, анын көлөмү кемибегендерге карата айтылган. Бай адамдын таза кийинип, мырзалык жүрүм-туруму м-н эл башкарып, колунда бар байлыгына чиренбестен букараларына, коңшу-колоңдоруна кайрылып жардам кылып турушу анын марттыгын билдирген. Адатта чоң Б-дын саясийкоомдук статусу манаптарга жакын болуп, алар бийлик ишине олуттуу таасир көрсөтө алышкан; 2) «сараң Б.» - сараңдыгынан улам калк арасында аларды «чык татырбас Чыйбыл Б.» деп да аташкан; 3) «сасык Б. же кокуй Б.» - алар мал туягын санап, үйүнөн ырымга да кан чыгарбастан, өлгөн жандыктын этин жешкен. Жакшы кийинип, кенен ичип-жегенди жаман көргөн; 4) «жеке мерез Б.», «макоо Б.» - алар жанына коңшу жолотпостон, жайы-кышы жалгыз конгон. Буюм сураса урушуп, берген эмес. «Жаман атка жал бүтсө, жанына торсук байлатпайт, жаман эрге мал бүтсө, жанына коңшу кондурбайт» деген макал ошондон калса керек. Совет идеологиясы бай адамдар ж-а байлык тууралуу атайылап терс көзкараш таратып, Совет бийлиги алгачкы жылдардан эле Б-га чектөө саясатын жүргүзгөн. 1927-28-ж. Кырг-нда жүргүзүлгөн жер-суу реформасынын учурунда 494 байдын жеке менчик чарбасы жоюлуп, 3447 оокаттуу чарба кысымга алынган ж-а алардын 17277 га жери коомдоштурулган. 1929-ж. Кыргыз АССР БАКтын ири Б-лар м-н манаптарды респ-нын чегинен сырткары жер которуштуруу ж-дөгү чечимине ылайык, оокаттуу чарба ээлеринин көпчүлүгү үйбүлөсү м-н башка жактарга (Украина) айдалган. Ал эми жеке чарбаларды коллективдештирүүнүн негизинде «Б-лардын калдыгы» тап катары биротоло жок кылынган. Идеол. жобого ылайык, аларга каршы күрөш соц. рев-янын мыйзамы катары түшүндүрүлгөн. Ил. эмгектерде, адабий чыгармаларда кыргыз Б-лары асыресе ачкөз, каардуу ж-а кедей-кембагалдын канын соргон мите сыяктуу сүрөттөлгөн. Совет бийлигинин саясаты ошол мезгилдеги кыргыз мад-тынын, кыргыз рухунун нукура интеллектуалдык өкүлдөрүн «Б.» деген шылтоо м-н эзүүчү тап катары жок кылып жибергендиги маалым. КР эгемендикке ээ болгону өлкөдө жеке менчикке негизделген коомдук өзгөрүүлөрдүн шартында жеке ишканалар, окуу жайлар, мектептер, дарылоо мекемелери ж. б. ачылып, адамдарга өзалдынча байлык топтоого мүмкүндүктөр берилди. Учурда өлкөдө иши м-н таанылган жеке ири ишкана ээлери, бай ишкерлердин катары күн санап өсүүдө. М. Кожобеков.