БАЙБИЧЕ (ЖЕЛАРГЫ) ГРАНИТ—СИЕНИТ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:29, 6 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙБИЧЕ (ЖЕЛАРГЫ) ГРАНИТ—СИЕНИТ КЕНИ Чүй облусунун Кемин районунда, Кемин шаар­часынан 10 км түш.-чыгыш тарапта Байбиче­нин Соорусу тоосунда. 1961-жылы геологиялык чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен пермь мезгилинде жиреп чыккан гранит-сиенит интрузиясынан турат. Ал ири массивди түзүп, Чүй суусун бойлой жайгашкан. Арасында порфирит дайкалары, көптөгөн кварц-турмалин­дүү тарамча тулкулары бар. Гранит-сиенит орто кристаллдуу, катуу, тыгыз, кысууга чыдам­дуулугу 2183-2711 кгс/см2. Көлөмдүк массасы 2,6-3,05 г/см3; блоктуулугу 50%. Жүк көтө­рүмдүүлүгү жогору болгондуктан, майдала­нып темир жолдорго төшөлөт. Баланстык запасы А+В категориясы боюнча 5577 миң м3, С13991 миң м3.