БАЙЖИЕВ Ташым Ыскак уулу
БАЙЖИЕВ Ташым Ыскак уулу (1909, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Тепке айылы - 17. 2. 1952, Караганды) - адабиятчы, кыргыз тили ж-а адабияты боюнча алгачкы окуу китептеринин автору, жазуучу, драматург, котормочу, сынчы.

Караколдогу орус-тузем мектебин, Фрунзедеги педтехникумду бүткөн (1927). Байжиевдин адабий ишмердиги 1927-жылы прозалык чыгармаларды жазуудан башталган. 1930-36-жылдарда эл агартуу комиссариатынын инспектору катары Алай өрөөнүндө башталгыч мектептерди ачып, Жалал-Абаддагы педтехникумда окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Анын чыгармачылыгынын ойгонушуна ж-а калыптанышына педтехникумдагы «Кызыл учкун» деген адабий ийримдин таасири чоң болгон. «Сен кимсиң?», «Досум», «Кытмыр өлдү», «Күрөө», «Төр-Сууда», «Суу боюнда», «Турмуш чөлү» аттуу кыска аңгемелери, жанытмалары ж-а повесттери ошол учурдагы кыргыз жергесиндеги тап күрөшүн, жаңы замандын орношун, азаттыкка чыккан кыз-келиндердин, илим-билимге умтулган жаштардын турмушун сүрөттөөгө арналган. Кыргыз пединститутунун орус тили ж-а адабияты факультетин бүтүргөндөн кийин 1940-42-жылдары СССР ИАнын Кыргыз филиалында «Манас» секторун башкарып, эпостун үч томдугун басмага даярдаган. Залкар манасчылар Саякбай Каралаев, Шапак ж-а Акмат Рысмендеевдердин айтуусунда эпосту кагазга түшүргөн. Илимий-изилдөө макалаларын жарыялап, республиканын Өкмөтүнө 1942-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдык юбилейин өткөрүүнү сунуштаган. 1944-жылы Улуу Ата Мекендик согушка кетип, Украина фронтунда жарадар болгон. 1944-жылы госпиталдан жазган «Жигиттер» аттуу пьесасы театрда даярдала баштаган. Пьеса кыргыз азаматтарынын эрдиктерине арналганына карабастан, саясий күнөө коюлуп, репертуардан алынган. Бул окуядан кийин Байжиев көркөм чыгарма жазуудан баш тартып, бүт эмгегин кыргыз тили ж-а адабияты боюнча окуу китептерин түзүүгө, «Манас» эпосун, Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч, Тоголок Молдо, Токтогул, Барпынын чыгармачылыгын иликтеп элге жеткирүүгө арнаган. 1944-49-жылдарда «Манас» ж-а фольклор секторун жетектеген. 1947-жылга пландаштырылган «Манас» эпосунун 1100 жылдыгына үчилтиктин 21 томун даярдап, «Чоң казаттын» орусча котормосу өзүнчө китеп болуп чыккан. «Семетейди» изилдеп, аны баатырдык лирикалык поэма катары баалаган ж-а белгилүү казак окумуштуусу М. Ауэзовдун жетекчилигинде «Манас» эпосу боюнча диссертация жазууну колго алган. Бирок ВКП(б) БКнын «Звезда» ж-а «Ленинград» журналдары жөнүндөгү токтому кабыл алынгандан кийин (1946, 14- август) бул иштери өтөөсүнө чыкпай, Байжиевге эл душманы деген жалган саясий айып тагылып, репрессияланган. Ал З. Бектенов м-н бирдикте 3-4-класстар үчүн «Кыргыз тили» (1933), 5-класстар үчүн «Биздин адабият» (1940) окуу китептерин түзгөн, ал эми «Кыргыз адабияты» (фольклор) окуу китеби (1947) жарык көрөрү м-н 1949-жылы пайдалануудан алып салынган. 1993-жылы кайрадан басылып, мамлекеттик конкурста сыйлыкка татыктуу болгон. Китептин «Адабият жана фольклор» деген бөлүмүндө эки тармактын өз ара байланышы, бөтөнчөлүктөрү чечмеленип, кыргыз элинин жазмасы 6-8-кылымдарда эле болгондугу, фольклорубуздун башаты, чыгыш теги, адабият тарыхы, адабият теориясы, адабий сын, фольклористика тууралуу маалымат, кеңири түшүндүрмөлөр берилген. «Байыркы кыргыздар» деген бөлүмүндө кыргыздардын байыртадан бүгүнкүгө чейинки тарыхы, социалдык-экономикалык түзүлүшү, маданияты, орхон-енисей жазуулары, алардын окулушу, стили тарыхый фактылардын негизинде жазылган. Ал эми «Октябрга чейинки фольклор» деген бөлүмдө фольклордук чыгармалардын Октябрь революциясына чейин Валиханов, Радлов, Алмаши ж. б. тарабынан жазылып алынышы, алардын көз караштары тууралуу айтылып, элдин оозеки чыгармачылыгы классификацияланган. Акыркы бөлүмү боордош элдер адабиятына арналып, орус элинин «Илья Муромец», Ш. Руставелинин «Жолборс терисин жамынган баатыр», ошондой эле Г. Низами, А. Навоинин чыгармалары камтылган. Эмгекте фольклордук ар кыл жанрлар, «Манас» үчилтиги баштаган кенже эпостор ж. б. боюнча алгач жыйынтыктуу илимий көз караштар, кеңири маалымат, тыянактар айтылган. Китеп илимий-теориялык жактан кыргыз адабияты м-н фольклористикасындагы көптөгөн маселелерди так, кеңири чечмелеп бергендиги м-н бүгүнкү күндө да баалуу. «Жигиттер» деген пьесасынын көркөмдүк деңгээли жогору, жазуу стили өзгөчө, маани-маңызы терең болгондуктан, режиссер И. Рыскулов сахнага алып чыккан (1989). Байжиев көркөм котормонун калыптанышына да өз салымын кошкон. Немис жазуучусу Э. Распенин «Мюнхаузендин башынан өткөргөндөрү» (1936), орус жазуучусу А. Фурмановдун «Чапаев» (1939) ж. б. чыгармаларды чебер которгон. Байжиев 1955-жылы реабилитацияланган.
Ад.: Бектенов 3., Байжиев Т. Кыргыз адабияты. Б., 1993; Ташым Байжиев. Б., 2003.
А. Обозканов.