БАЙКАЗАК КАБЫРСТАНЫ
БАЙКАЗАК КАБЫРСТАНЫ - 7-9-к-га таандык археол. эстелик. Нарын р-нундагы Байказак айылынын түндүгүндө, Нарын д-нын сол өйүзүндөгү секиде жайгашкан. Бул жерде таштан курулган байыркы көрүстөндөр, маркумга арналып тургузулган коргончо-айкелдер орнотулган. Б. к. археол. эстелиги 1990-ж. К. Табалдиев тарабынан изилденген.