БАЙКАЗАКОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙКАЗАКОВ Молдобай [1887, Чүй обл., Кемин р-ну, Жаңалыш (мурдагы Сарбагыш) айылы - 1943] - мугалим. Токмок ш-ндагы татар мектебин бүтүрүп (1903), 1916-ж. Үркүндө Кытай

жерине эл м-н бирге качып барган. Кытайдан өз айы­лына кайтып келип, муга­лимдик ишин уланткан (1917). 1921-ж. Каракол ш-ндагы мугалимдик курсту бүтүрүп, Жаңалыш орто мек­тебинде 1934-ж. чейин му­галим болуп эмгектенген. 1934-жылдан Чоңкемин өрөөнүндөгү Карл Маркс атн. орто мектепте мугалим, мектептин директору болуп 1943-ж. чейин иштеген. Эл агартуу тармагындагы ийгиликтери үчүн 1939-ж. Ленин ордени м-н биринчилерден болуп сыйланган.