БАЙКООЧУЛАР КЕҢЕШИ
БАЙКООЧУЛАР КЕҢЕШИ - акционердик коомдун башкармасын контролдоочу орган. Б. к. жеке адамдардан гана туруп, мүчөлөрүнүн ар бирине өзгөчө жоопкерчилик жүктөлөт. Коомдун башкармасынын мүчөлөрү кеңешке кирүүгө тыюу салынат. Б. к-нин мүчөлөрү акционерлердин жалпы чогулушунда шайланат. Б. к. башкарманын мүчөлөрүн дайындоого же бошотууга, товар баалуулуктарын түгөлдөөгө, акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүгө укуктуу. Коомдун уставы Б. к-нин макулдугу м-н башкарма тарабынан ишке ашырылуучу операция түрлөрүн кароосу мүмкүн.