БАЙЛАНЫШ РЕАКЦИЯЛАРЫ
БАЙЛАНЫШ РЕАКЦИЯЛАРЫ - нерсенин механикалык системанын чекитине аракет этүү м-н механикалык байланышты пайда кылуучу күчтөрү. Алар байланышка аракет этүүчү күч бар учурда карама каршы күч катары (к. Ньютон закондору) пайда болот. Мисалы, темир жол рельси - вагондун кыймылын чектөөчү байланыш, ал эми рельстердин вагонго таасир этүүчү күчү байланыш реакцтялары болуп эсептелет. Системага аракет кылган сырткы күчтөрдөн айырмаланып, байланыш каналынын чоңдугу ж-а багыты алдын ала белгисиз болот. Алар системадагы нерселердин өз ара байланыш шарттарына, системага аракет кылган сырткы күчтөрдүн чоңдуктарына ж-а багыттарына, системанын кыймылынын закон ченемдүүлүктөрүнө ж. б. көз каранды болот. Мис., тегиздиктин үстүндө жаткан нерсе (1-чийме) сырткы Ғ күчүнүн аракетинен х - багыты боюнча кыймылдайт. Бул системадагы байланыш реакциялары кыймылдын багытына каршы пайда болгон сүрүлүү Ғс күчү ж-а нерсенин тактайдын бетине жасаган р басым күчү болуп эсептелет. 2-чиймеде тик тегиздиктеги жипке шарча илинген. Мында пайда болгон байланыш реакциялары . - жиптеги

1- чийме 2-чийме
шарчаны кармап туруучу чыңалуу Т - күчү ж-а жок тегиздиктин шарды түртүп турган N күчү. Байланыш реакциялары байланыштын түрүнө көз каранды болбостон, системага таасир эткен активдүү күчкө да көз каранды. Анын багыты кээде байланыштын түрү м-н аныкталат. Жалпы учур үчүн динамиканын маселелерин чыгарууда бошонуучулук принциби колдонулат, байшкача айтканда эркин эмес механикалык система эркин деп каралат. Ал үчүн кыймылдын бардык учурунда байланыштын системага койгон шарты аткарылгандай тандалып алынган чекиттерине коюлат. Бул күчтөр байланыш реакциялары деп аталат.