БАЙЛООЧ
БАЙЛООЧ - 1) ат байлай турган мамы, казык; 2) алгыр куштарды кармоо үчүн жайылган тордун ичине байланган көгүчкөн, таан ж. б. Асмандагы алгыр куштарга алыстан көрүнгүдөй кылып, талпынтыш үчүн Б-тун эки мүрүсүнүн түбүнөн узун, ичке танап жип м-н байлап, аны оочада жаткан саятчы улам-улам тартып коюп турат. Аны көргөн куш аламын деп куушурулуп, катуу качырып кирип, жайылган торго чалынат. 3) Чоң жырткыч айбандарды капкан м-н кармаш үчүн да Б. колдонулат. 4) Ар кандай себептер м-н убактылуу иштей албай калган адам, убактылуу күч бере албай калган унаа ж-а салууга убактылуу жарабай калган (мүрүсүн тиштеткен, канатын сындырган ж. б.) алгыр куш.