БАЙМАК
БАЙМАК - Жалалабат обл-нун Алабука р-нундагы кыштак. Т. Балтагулов айыл өкмөтүнө караштуу. Касансай суусунун жээгинде, деңиз деңг. 740 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Алабука кыш-нан 15 км түш. тарапта. Наманган темиржол бекетинен (Өзбекстан) 53 км. Калкы 1841 (2003); негизинен дыйканчылыкта, тамекичиликте эмгектенет. Орто мектеп, медпункт, балдар санаторийи (1985-ж. ачылган), тегирмен, майжуваз цехи бар.