БАЙМЫРЗА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙМЫРЗА Хайт (17. 12. 1917-ж. т., Өзбекстан, Наманган аймагы) - түрк элдеринин тарыхын изилдеген окумуштуу. Ташкендеги О. Азия ун-тинин тарых ф-тин (1938), Германиядагы Мюнстер (Вестфалия) ун-тин (1950) бү­түргөн. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1941-ж. Слуцк ш-нын алдындагы салгылашуу­да туткунга түшүп калып, ошол жылы күзүндө Ченстоховадагы (Польша) туткундардын лагерине айдалган. 1942-ж. жазында Түркстан ле­гионуна кабыл алынган 262 түркстандыктын катарында Б. да болгон. Согуш аяктагандан ки­йин Германияда калып, билимин уланткан. 1950-ж. «Кокон жана Алаш Ордо улуттук өкмөт­төрү» деген темада диссертация коргогон. Анын 400гө жакын ил. эмгектери, а. и. 9 монография, 13 китепчеси жарык көргөн. «Түркстан XX кылымда» аттуу эмгегинде басмачылар кыймылы­на улуттук кыймыл катары баа берип, Совет мамлекетинин курамындагы түрк элдеринин та­рыхын жацыча көзкараш м-н чагылдырууга ара­кеттенген. «Түркстандын экономикалык масе­лелери», «Түркстан Россия менен Кытай аралыгында» ж. б. эмгектеринде Россиянын Түркстан­дагы оторчул саясатына талдоо жүргүзүп, «Ала­шордо» өкмөтүнүн ички-тышкы саясаты, өкмөт мүчөлөрүнүн иш-аракеттери тууралуу далилдүү маалыматтар берилген. Анын эмгектери немец, англис, түрк, орус ж. б. тилдерге которулган. Б. АКШ, Улуу Британия, Түркия ун-ттеринде лекция окуп, баяндамалар жасаган. 1974-ж. Б. «Түркстан сүйүүчүлөр» клубун уюштурган. 1990-ж. анын жетекчилиги м-н АКШда М. Чо кайдын 100 жылдыгы белгиленген. А Кубатова.