БАЙТУР
БАЙТУР Анвар (1938, Кытай, Чыгыш Түркстан, Аксуу ш-нын жанындагы Боздөң кыш. - 1991) - кытайлык кыргыз тарыхчысы. 1953-ж. Аксуу ш-нда пед. окуу жайын (Дар ал-мугалимин), Үрүмчүдөгү Шинжаң ин-тунун тарых-география ф-тин (1956) бүтүргөн. 1956-жылдан КЭРде ар кыл ил. мекемелерде иштеген. 70-жылдардын акырынан Пекиндеги Кытай КП БКнын парт. жогорку мектебинде, Адистерди кайра даярдоо борб. ин-тунда, Аз улуттардын борб. ин-тунда, Үрүмчүдөгү

Шинжаң ун-тинде ж. б. ЖОЖдордо иштеп, Кытайдагы элдердин өзара алакаларынын тарыхы, Чыгыш Түркстан элдеринин тарыхы, кыргыз эл тарыхы, уйгур эл тарыхы б-ча лекция окуган. Кытай Коомдук ИАнын аз улуттарды изилдөө ин-тунун доценти болгон. Кытайдагы О. Азия мад-тын изилдөө, Майда улуттар тарыхын изилдөө, Байыркы элдердин тилин ж-а жазмасын иликтөө, Түрк элдерин изилдөө, Кыргыз тил, адабият, тарыхын изилдөө коомдорунун мүчөсү. «Шинжаң менен ички өлкөлөрдүн тарыхый байланыштары», «Кыргыз адабиятынын жалпы абалы», «Кыргыз тарыхы лексийалары» сыяктуу эмгектердин автору. Осмоналы Сыдык уулунун эки эмгегин 1986-ж. «Мухтасар тарых-и кыргызийа» деген ат м-н бир китеп кылып чыгарткан.