БАЙТУРСУНОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙТУРСУНОВ Насыр (17. 11. 1915, Нарын обл., Жумгал р-ну, Көкөмерен кыш. - 11. 5. 1995, ошол эле жер) - Даңк орденинин толук кавалери. Улуу Ата Мекен­дик согуш башталганга че­йин мектепте мугалим бо­луп иштеген. 1943-ж. Сов. Армиянын катарына чакы­рылып, Брянскиде, 1- ж-а 2-Белоруссия фронтторунда салгылашкан. Друть ж-а Березина д-ларын кечип өтүүдөгү эрдиги үчүн 3-дара­жадагы (1944), Висла д-нда­гы душмандын коргонуусун

бузуп өтүүдө полк­ко жол ачкандыгы үчүн 2-даражадагы (1945), Швенов кыш-н бошотуудагы баатырдыгы үчүн 1-даражадагы (1945) Даңк ордендерине татык­туу болгон. О. эле Кызыл Жылдыз ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.