БАЙТӨБӨТОВ
БАЙТӨБӨТОВ Дүйшөнбек (5. 1. 1949-жылы туулган, Чүй облусу, Кант району, Үч-Эмчек айылы) - артист, КРдин эл артисти (1988). 1972-жылы Москвадагы А. В. Луначарский атындагы театр институтунун актёрдук факультетин бүтүргөн. 1972-89-жылдарда Ош кыргыз драма театрында, 1989-91-жылдарда республикалык жаштар ж-а балдар театрында, 1991-жылдан Кыргыз мамлекеттик драма театрында иштеген. Байыркы дүйнөлүк орус ж-а кыргыз драматургдарынын белгилүү спектаклдеринде башкы каармандардын кулк-мүнөзүн ачып,

элестүү ж-а таасирлүү образдарды жаратты. Аткарган негизги ролдору: Курманбек (К. Жантешев, «Курманбек»), Танабай, Мамбет, Орган (Ч. Айтматов, «Жаныбарым, Гүлсары», «Фудзиямадагы кадыр түн», «Деңиз бойлоп жорткон ала дөбөт»), Акылбек (Б. Жакиев, «Атанын тагдыры»), Кожожаш (М. Байжиев, «Байыркы жомок»), Фамусов (А. Грибоедов, «Акылдан азап»), Асан (М. Ауэзов, «Каракөз»), Отелло (У. Шекспир, «Отелло»), Төштүк (Ж. Садыков, «Эр Төштүк»), Ажыбай, Көбөш (Ж. Садыков, «Айкел Манас», «Манастын уулу Семетей») ж. б. Байтөбөтов кинодо да бир катар образдарды түзгөн: Ильяс (И. Поплавская, «Мен - Тянь-Шань»), Түлкүбек (Г. Базаров,

«Каныбек»), Базарбай (Д. Садырбаев, «Акбаранын көз жашы»), Токтогул (Г. Н. Николаенко, «Кербез»), Сабыр (А. Сүйүндүков, «Кошокчу») ж. б.