БАЙЫРКЫ АКЧА-ТОВАР МАМИЛЕЛЕРИ
БАЙЫРКЫ АКЧА-ТОВАР МАМИЛЕЛЕРИ , Алгачкы жамааттык коомдо эле адамдар өзара өзүлөрүндө болгон буюмдарды башка керектүү буюмга алмашышкан. Мындай жөнөкөй алмашуу акча-товар мамилелеринин алгачкы белгилеринин пайда болушуна түрткү болгон. Уруулар арасында тери, сөөк ж-а курал жасоого ыңгайлуу таш тектерин алмашышкан. Кийин алмашууда көп колдонулган товарлардын түрлөрү келип чыккан. 18-к-га чейин Инди океанынын жээктеринде алмашуу товары катары каури үлүлдөрү кызмат кылган. Алардын негизинде өзгөчө акча системасы иштелип чыккан. Мис., Африка аймагында жипке тизилген 40 кауриден турган «боо» деп аталган акча системасы болгон. 50 боо бир «башты» (2000 каури) түзгөн. Тышкы соодада 3 баш бир долларга тете болгон. Меланезияда акча катары акула тиши, Калимантанада уйдун башы, Түн. Америка индеецтеринде вампун (раковинадан, үлүлдөн тизилип жасалган) курлары, Африкада пилдин сөөгү, кырдуу туз сыныктары, Монголияда таш чай (такта чай), байыркы кыргыздарда тыйын чычкандын териси (тыйын деген ушундан калган) колдонулган. Адамзат тыйын чыкканга чейин тыйындын милдетин аткарган жүздөн ашык нерсени пайдаланышкан. Ар кандай көлөмдөгү куйма металлдар товар алмашууда тез орун алган. Себеби ал бузулбайт, көп орунду ээлебейт, сактаганга ж-а алып жүргөнгө өтө ыңгайлуу. Кийинчерээк соодада орчундуу орунду алтын, күмүш ээлейт. Алардан алгачкы тыйындар жасала баштайт. Тыйындын мекени Кичи Азиядагы Лидия эсептелет. Биринчи тыйындар б. з. ч. 7-к-дан белгилүү. Кырг-нда эң байыркы товар алмашуу мамилесин коло доорунун айрым эстеликтери аркылуу баамдайбыз. 1958-ж. Сокулуктан б. з. ч. 2-миң жылдыкка тиешелүү 17 коло орогунун тобу табылган. Орокторду жерг. уста жасаганы эч талашсыз ж-а алар алмашуу үчүн жасалган деп болжоого болот. К. Табалдиев.