БАЙЫРКЫ ГРЕК ИДИШТЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 10 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЫРКЫ ГРЕК ИДИШТЕРИ - антика жасал­га-колдонмо көркөм өнөрүнүн мыкты үлгүлөрү. Негизинен турмуш-тиричиликке ылайык керамикадан же металлдан жасалган (коло, күмүш, алтын) ж-а мармар (лекиф) Байыркы грек идиштери пластика-


Орвьетодон кратер. Афина, Геракл ж-а аргонавттар. Б. з. ч. 430-жылдар чен.

лык формалары ж-а сыпайы, кооз жасалгасы м-н айырмаланат. Көркөм кооздолуп, сүрөт тартылган карапа (керамика) идиштери кеңири тараган. Алгач Байыркы грек идиштери колго, кийин карапа калыпка салынып жасалган, кээ бирлери штамп­талып, рельефтик жасалгасы болгон. Алар формасы ж-а спецификалык функциялары боюнча сал­ттуу түрдө 4кө бөлүнөт: 1) шарап сактоочу, муз­датуучу идиштер (амфора, кратер, пелика, псик­тер, стамнос); 2) сузуп алуучу ж-а куюучу идиштер (гидрия, киаф, ойнохоя); 3) бир нерсе ичүү үчүн (канфар, килик, ритон, скифос) ж-а өзгөчө топтогу идиштер; 4) ар кандай максаттарда - культтук, парфюмериялык (альбастр, арибалл, аскос, лебес, лекиф, лутрофор, пиксида) идиштер. Байыркы грек идиштери көбүнчө кооздолуп жасалган ж-а рельефтик жасалга көбүнчө идиштин тулкусу­нун жогорку бөлүгү м-н ийин тарабында болот. Ал эми тулкусу жапыз вазаларда ж-а өйдөнү көздөй кеңейип кеткен киликтерде жасалга түбүндө же капталдарында жайгашкан. Ваза жасоонун эң алгачкы этаптарында идиштин жогорку жагы кооздоп жазылган.