БАЙЫРКЫ ИРРИГАЦИЯЛЫК КУРУЛМАЛАР
БАЙЫРКЫ ИРРИГАЦИЯЛЫК КУРУЛМАЛАР К ы р г ы з с т а н д а г ы. Кыргыз жергесинин тоо этектериндеги түздүктөрү коло доорунан тартып өздөштүрүлүп келген. Фергана, Чүй өрөөндөрүндөгү эстеликтер байыркы дыйканчылык, суу бойлоп жайгашкан алгачкы турак жайлар тууралуу кабар берет. Дыйканчылыктын гүлдөп өсүшү климат ж-а сугат ишкердиги м-н тыгыз байланыштуу болгон. Орто Азияда алгачкы сугат арыктары ж-а суу топтой турган жерлер энеолит (б. з. ч. 4-3 миң жылдыктар) доорунан тартып белгилүү. Окумушгуулардын кийинки жылдардагы изилдөөсүнө караганда мындан 2000-2700 жыл мурда, эрте темир доору мезгилинде Жети-Суу аймагында жашаган калктын бир бөлүгү отурукташышып, жер иштетишкен. Кыргызстанда ирригациялык курулмалар (суу куурлары) Чүй жергесинде (Төкөлдөш-Арык, Таш-Арык, Жыламыш-Арык, Өтөгөн-Арык, Сай-Арык) орто кылымдардан баштап ишке киргизилген. Кээ бир жерлерде жер астынан чыккан суу үчүн майда арыктарды пайдаланышкан. Кыргыз жергесиндеги б. з. ч. арыктар, турак жай орундары жеткиликтүү изилдене элек
. К. Табалдиев.