БАКШЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 10 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКШЫ - 1) өзбек, каракалпак, түркмөн элин­де дутар менен өз ырларын жана элдик чыгарма­ларды аткарган ырчы. Алар музыка өнөрүн өнүктүрүүгө да салым кошкон; 2) түрк элдерин­де эмчи-домчу киши. Эркек жана аял Бакшылар эки башка - Бакшы жана бүбү, же бүбү Бакшы деп аталышкан. Бакшыны эл көзү ачык деп эсептешип, алар­дын Бакшылык кыймыл-аракеттерине зор ишеним менен мамиле кылышкан. Кыргыздардын ичин­деги Бакшылык, көпчүлүк учурда Сибирде жаша­ган түрк элдеринин, ошондой эле өзбек, казак, уйгур­лардын Бакшылыгына окшоп кетет. Ислам дини­нин тарашы менен Бакшылык биротоло жоголуп кет­пестен исламдын суфизм агымынын элементте­ри менен аралашып, синкретикалык татаал көрү­нүшкө айланган. Бакшы бир жерде туруктуу жаша­бастан дубаналык кылган. Башына аккуунун жүнүнөн жасалган күлө же гүлө деп аталган баш кийим, үстүнө ар кандай түстөгү кездемеден ирет­сиз бычылып, этек, жеңи кенен тигилген чапан сыяктуу узун жабуу кийген. Алкагына темир шакекчелер илинген добулбасын ала жүрүп, добулбас кагып жин-шайтандарды кууган. Бакшыны ар кандай ооруларды дарылоодо, төрөттү же­ңилдетет (кыйналып, эстен танган аялга, боз үйдү айлана чуркап, добулбасын каккылап, кый­кырып үн салган) деген ишенимде чакырышкан. Калк арасында Бакшы өтө зор, бирок көзгө көрүнбө­гөн күчтөр менен байланыш түзө алат жана алар­дын жардамы менен оорулуу адамдарды сакайтат, кырсыкты, жин оорулуулардын жинин, тал­малуулардын талмасын, илешкени барлардын илешкенин кубалайт деген терең ишеним болгон. Зикир чалуу учурунда добулбас, камчы, бычак, тили жок коңгуроо, айрым мезгилде комуз, кыл кыяк, ооз комуз колдонушкан. Оору­лууну көргөндө жиндерин, колдоочуларын чакырып чарк урган, жер-суудагы мазарлардын, олуя-машаяктардын аттарын кыйкырып атаган. Отту чоң жактырып, үстүнөн секирген. Отко орок, бычак салып, кыпкызыл болуп чыкканда тили менен жалаган, үй-кепелерди тегерене жү­гүрүп, малдын үстүнө чыгып, астынан өткөн. Оорулуу кишини ары-бери аттап, аны ургула­ган. Эмдөөнүн ыгына карай оорулуунун дене­синдеги жамандык жинди кайсы бир жаныбар­га же буюмга, малга, канаттууларга, куурчак­ка «көчүргөн». Бакшылар кара жиндүү жана ак жиндүү бакшы болуп бөлүнгөн. Бара-бара анын ролу төмөндөгөнү менен алардын эмчи-домчулук касие­ти бир топко чейин сакталган. А. Көчкунов.