«БАЙЧЕЧЕКЕЙ»

«БАЙЧЕЧЕКЕЙ» - бала бакча жана башталгыч класс курагындагы балдарга арналган, түстүү сүрөттүү, адабий-көркөм журнал. 1977-жылдын январынан баштап чыгууда. Башкы редактору - акын Т. Самудинов. Максаты - бөбөктөрдү мектепке даярдоочу жана башталгыч мектеп программасын толуктоочу материалдарды жарыялоо менен жеткинчектин таанып-билүү жөндөмүн арттырууга жана эне тилинин байлыгын, көркөм касиетин өздөштүрүүгө көмөктөшүү. Негизги рубрикалары: «Ата журтуң - алтын уяң», «Кел, чогулуп окуйлу!», «Сабактан кийинки сабак», «Табиятты сүй, үйрөн, кастарла!», «Эмне үчүн минтип айтабыз?», «Куйма кулак балдарга», «Тууган жердин аттары», «Адептүүлүктүн алиппеси», «Сөз оюндар». Испаниялык «Асіиаіійай» журналынын эл аралык сыйл. менен сыйланган (2003).