БАЙЫРКЫ УЙГУР ЖАЗУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЫРКЫ УЙГУР ЖАЗУУСУ - байыркы ор­хон-енисей жазуусунун негизинде түзүлгөн ташка чегип жазууга ылайыктуу рун жазуусу (Селенга д-нын боюнан табылган байыркы эстеликтер). Б. у. ж. арамей жазуусунун негизинде өнүккөн согда жазуу системасын өздөштүрүү аркылуу түзүлгөн. Жазуу жогортон төмөн карай жазылган. Б. у. ж-нда манихей ж-а будда диний ад-ттарынын котормолору, чарбалык, укук­тук документтеринин үлгүлөрү сакталып калган.