БАЙЫРКЫ УЙГУР ТИЛИ
БАЙЫРКЫ УЙГУР ТИЛИ - орхон түрктөрүнүн, б. а. байыркы огуздардын тилине жакын тил; байыркы жазуу эстеликтери бар жазма тилдердин бири. Бул тилде орхон тамгасы м-н ташка чегилген байыркы эстелик (Селенга боюнан табылган), 5-8-к-дагы байыркы уйгур тамгасы м-н жазылган манихей-уйгур, будда-уйгур сыяктуу диний маанидеги чыгармалардын котормолору (манускрипти), 10-15-к-дагы араб тамгасы м-н жазылган мусулман-уйгур эстеликтери бар. Б. у. т-нин фонет. түзүлүшү үчүн и-е, д-т, с-ш тыбыштарынын алмашуулары мүнөздүү. Анда катар муундардын чегинде лт, рт, нт тыбыш айкаштары келет (болтумуз - болдук, билтимиз - билдик). Б. у. т-нин граммат. түзүлүшүндө атоочтуктун байыркы (-ма: йор-ыг-ма - бараткан) ж-а тангыч формасы (-матын, -метин, -мэтин: билмэтин - билбестен) учурайт. Лексикасында байыркы иран, араб тилдеринин элементтери бар.
Ад.: Малов С. Е. Памятники древнетюркской письменности. М.-Л., 1951; Баскаков Н. А. Тюркские языки. М., 1960; Насилов В. М. Древнеуйгурский язык. М., 1963.